БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ат оюндарынын ичинен жорго салыш өзүнүн кооздугу менен айырмаланат. Алты асый болгон Ганк учурда Кыргызстан боюнча алдына эч кимди чыгарбаган, төрт аягы төп келген жорго экенин Бишкек шаарындагы асыл тукум жылкы өстүрүүчү жеке менчик чарбанын жетекчиси, саяпкер Турсуналы Мамбетаитов билдирди.
Акыркы эки жылда Ганк жети жолу байгеге түшүп, бардыгында машина уткан. Быйыл эле төрт жолу мелдешке катышып, төртөөндө тең биринчи орунду камсыз кылып, баш байгени багындырган.
7-ноябрда Кыргызстанда ат оюндарын жыйынтыктоочу турнир болуп, Ганк 20дан ашык жоргонун ичинен биринчи келген. Төрт туягы тыбыраган жоргого көз арткандар да көп. Мамбетаитов Ганкты казактар саткыла деп сурап келгенде сатпай коюшканын айтат.
"Биздин күлүктөргө, жорголорго коңшулар да абдан кызыгып келет. Мисалы казак туугандар Ганкты 50 миң долларга саткыла деп келгенде сатпай койдук. Себеби, бул мал сый-урматка татыктуу ", — дейт ал.
Учурда Ганк Бишкек шаарындагы асыл тукум жылкы өстүрүүчү жеке менчик чарбасында тапталып келет. Ал орустардын таскактуу жылкысынын тукуму. Анын арышы чоң болгондуктан, башка жорголордон ылдамдыгы менен айырмаланат.
Мамбетаитов эмнеге Ганк деп аталып калганын мындайча түшүндүрдү
"Ганкты сатып алып жатканда анын ээси "менин бир гана өтүнүчүм бар — анын Ганк деген атын өзгөртпөсөңөр" деп суранган. Ошол бойдон бул жорго Ганк болуп калды", — дейт ал.
Жылкылардын арасынан күлүк же жорго чыгыш үчүн алардын тубаса белгилери болушу керектигин Мамбетаитов белгиледи. Кишилер сыяктуу эле күлүк менен жорголордун да теги сүрүштүрүлөт.
"Чыныгы жорго чыгышы үчүн анын атасы, энеси же болбосо экөө тең жорго болуш керек. Мына ошолордон жорго туулат. Табына келип тапталган чыныгы жорго жоргологондо алдыңкы оң буту менен арткы оң бутун бир таштайт. Чайпалып анан жөнөйт. Суу куйса төгүлгүс жорго дегендер болгон. Бир чайнек сууну үстүнө коюп койсо төгүлбөй зымылдап кеткен жорголор бар", — дейт саяпкер.
95 жолу байге алган Патрон аттуу жорго жана аны пенсияга узатуу
Патронду карыды деп пенсияга узатып, анын урматына ат чабыш, жорго салыш уюштурулуп, баш байгеге машина сайылганын Мамбетаитов минтип эскерет.
"Патронду пенсияга узатып жатканда анын урматына деп атайын ат чабыш, жорго салыш уюштурулган. Мындай жорголор чанда гана кездешет. Аны ошентип ардактап пенсияга узатканбыз. Ал азыр үйүргө айгыр болуп жүрөт", — деди ал.
Жылкыны качан таптап баштайт
Ар бир жылкынын өзгөчөлүгүнө жана чыдамкайлыгына жараша 8-9 асый болгонго чейин жарышка катыша берет. Негизинен 5-6 асый болгон жорго, күлүктөр накта табына келип турган убак болот.
Күлүк болгон жылкы жорго боло албайт же, тескерисинче жорго күлүк боло албайт.
Жылкы баласы кыргыздын каны менен келе жаткан досу, керек болсо жаны экенин Мамбетаитов өз сөзүндө белгиледи. Мисалы Манас баш болгон баатырлар аты менен чогуу баатыр болгон. Кыргызда эч качан жөө баатыр чыккан эмес, ат дайыма жанында болгон, дейт ал.