БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына дайындалды.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини Мамкаттоо кызматынын борбордук аппаратына тааныштырышты.
Сарпашев буга чейин биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап келген.
Сарпашевге чейин аталган кызматты Алина Шаикова жетектеп келген.