00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:08
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Лондон: А321 учагында теракт болгон-болбогонун Египет менен Россия гана айта алат

© Sputnik / Рафаэль Даминов / Медиабанкка өтүүКулаган учак Airbus A321. Архив
Кулаган учак Airbus A321. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Британиянын ТИМи россиялык А321 лайнери кабылган кырсыкты иликтөөлөрдүн расмий жыйынтыгын күтө турууга чакырды. Учактын кыйрашына "Ислам мамлекетинин" тиешеси бар деген божомолун аталган ведомство окуяга байланыштуу жалпы маалыматтарга таянып берген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Египет менен россиялык адистер А321 учагында теракт болгонбу деген суроого баарынан жакшы жооп бере алышат жана тергөөнүн натыйжаларын күтө туруу керек деди дүйшөмбү күнү Вашингтондо Британиянын Тышкы иштер министри Филип Хаммонд.

"Синайда Россиянын авилайнери ичиндеги жардыргычтын айынан кыйраган болсо, бул кандай кесепеттерге алып келгенин талкуулаганга биздин мүмкүнчүлүгүбүз боло элек. Биз үчүн кесепеттери кандай болорун гана эмес, Россиянын Сириядагы жана андан сырткаркы процесстерге катышуусуна карата мамилелерибизди да терең карап чыгышыбыз керек", — деди ал Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушууда.

Ошону менен катар Хаммонд иликтөөлөрдүн жыйынтыгын күтө турууга чакырды. 

"Ал жерде бомба болгон-болбогону сыныктарды эксперттик текшерүүдөн кийин анык болот. Муну биз көзөмөлдөгөн жокпуз. Египеттиктер менен орустар бул суроого жакшыраак жооп бере алат. Биздин чыгарган тыянак-чечимдерибиз колубузда бар маалыматтарга гана негизделген. Алардын кайсы бири ачык болсо, кайсы биир чалгындоолордон алынган", — деди Хаммонд.

Россиялык жана советтик авиациянын тарыхындагы эң чоң кырсык ишемби күнү болду. "Когалымавиа" компаниясына караштуу Airbus A321 учагы Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп келе жатып кыйроого учураган. Андагы 217 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү – баары курман болгон. Бул окуядан кийин Россия менен бир катар өлкөлөр, анын ичинде Улуу Британия, Египетке учкан каттамдарын убактылуу токтотту. 

Жаңылыктар түрмөгү
0