Роза Айтматова: атамды эле эмес, курман болгон кырк миң кишини эскерүүгө келдик

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери венок көтөрүп баратышат.
Улуттук гвардиянын жоокерлери венок көтөрүп баратышат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 1930-1938-жылдар арасында репрессияланып, жок кылынгандардын саны кырк миңге чамалап барат. Бул туурасында "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде ошол кезде атылган мамлекеттик ишмерлерди эскерүү учурунда айтылды.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бүгүн "Ата-Бейиттеги" эскерүүгө 1938-жылы репрессияланып, атылгандардын балдары, неберелери келип эскерди. Ал жерге 137 адамдын сөөгү кайра,  ардакталып 1991-жылы көмүлгөн. 

Улуттук Гвардиянын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси, полковник Таалайбек Мырзабаев репрессиялангандардын урпактары чоң аталарынын азыр кайсыл жерге көмүлгөндүгү боюнча издөө иштерин жүргүзүп жатышкандыгын айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүн "Ата-Бейиттеги" эскерүүгө 1938-жылы репрессияланып, атылгандардын балдары, неберелери келип эскерди
Бүгүн Ата-Бейиттеги эскерүүгө 1938-жылы репрессияланып, атылгандардын балдары, неберелери келип эскерди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бүгүн "Ата-Бейиттеги" эскерүүгө 1938-жылы репрессияланып, атылгандардын балдары, неберелери келип эскерди
© Sputnik / Табылды КадырбековРоза Айтматова - репрессиялангандардын бири Төрөкул Айтматовдун кызы ал жерде көмүлгөн 137 адамдын эле эмес, жалпы кырк миң адамдын элесин эскерүүгө келди
2/5
Роза Айтматова - репрессиялангандардын бири Төрөкул Айтматовдун кызы ал жерде көмүлгөн 137 адамдын эле эмес, жалпы кырк миң адамдын элесин эскерүүгө келди
© Sputnik / Табылды КадырбековКандуу келтектин курмандыгы болгон агартуучу, мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин кызы Лариса Баякеева атасы ишке кетип, ошол жактан кайтпай калганын айтат
3/5
Кандуу келтектин курмандыгы болгон агартуучу, мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин кызы Лариса Баякеева атасы ишке кетип, ошол жактан кайтпай калганын айтат
© Sputnik / Табылды КадырбековБир нече жылдардын бери Кыргызстанда 8-ноябрь - Саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет
4/5
Бир нече жылдардын бери Кыргызстанда 8-ноябрь - Саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда 1930-1938-жылдар арасында репрессияланып, жок кылынгандардын саны кырк миңге чамалап барат
Кыргызстанда 1930-1938-жылдар арасында репрессияланып, жок кылынгандардын саны кырк миңге чамалап барат - Sputnik Кыргызстан
5/5
Кыргызстанда 1930-1938-жылдар арасында репрессияланып, жок кылынгандардын саны кырк миңге чамалап барат
1/5
Бүгүн "Ата-Бейиттеги" эскерүүгө 1938-жылы репрессияланып, атылгандардын балдары, неберелери келип эскерди
2/5
Роза Айтматова - репрессиялангандардын бири Төрөкул Айтматовдун кызы ал жерде көмүлгөн 137 адамдын эле эмес, жалпы кырк миң адамдын элесин эскерүүгө келди
3/5
Кандуу келтектин курмандыгы болгон агартуучу, мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин кызы Лариса Баякеева атасы ишке кетип, ошол жактан кайтпай калганын айтат
4/5
Бир нече жылдардын бери Кыргызстанда 8-ноябрь - Саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет
5/5
Кыргызстанда 1930-1938-жылдар арасында репрессияланып, жок кылынгандардын саны кырк миңге чамалап барат

"Кийинки күндөрү Нарындан, Караколдон, Оштон репрессиялангандардын туугандары кайрылууда. Алардын дагы кайсыл жерлерде жок кылынгандыгы дагы аныкталууда. Бул иш кайрадан бир жаңы багыт алып, өзүнчө бир маани берилип, активдешет деген ойдобуз. Азыр алардын урпактары, неберелерине чейин чоң аталарын издеп башташты. Алардын кайда көмүлгөндүгү, жок кылынгандыгы туурасында колдо болгон маалыматтарды алмашып, 38-жылдары болгон кырдаалды элге толук жеткизели деген ойдо иш алып барып жатышат",— деди Мырзабаев. 

53 жылдан кийин ачылган сыр, аны коштогон кубаныч менен өксүк 

Репрессия курмандыктарынын сырын ачкан Кыдыралиевага акчалай жардам көрсөтүлдү
1938-жылдын 3-5-ноябрында эки ирет, түндөп таар менен жабылган автоунааларга адамдарды жүктөп келип, казылган аңдын чекесине тизип, атышкан да, аңдын үстүн түздөп көөмп салышкан. Кийин аны ошол окуяга капыстан күбө болгон Абыкан Кыдыралиев аттуу кароолчу көзү жумулаар алдында кызына ичине сактап жүргөн сырын аманат катары айтып кеткен. Аманатты бекем катып жүрүп, ал кездеги кичине кыз — Бүбира Кыдыралиева кийин бир топ жашка чыгып калганда, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин атасынын айткандарын ачыкка чыгарган. 

"1991-жылдардан кийин гана Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салиханов, Кожокан Шооруков сыяктуу дагы бир топ чыгаан инсандардын сөөгү кайда жатканы маалым болгон", — деп айтып берди "Ата Бейит" мемориалдык комплекстин жетекчиси Гүлнара Турсунбекова.

Ал эми кандуу келтектин курмандыгы болгон агартуучу, мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин кызы Лариса Баякеева атасы ишке кетип, ошол жактан кайтпай калганын айтат.

"Биз алардын балдары ошол кезде жетим калдык. Өмүрүбүздө эч кимди ата деп айта да албадык. Оор мезгилер1937-жыл болду. Жүздөгөн кыргыздын жигиттерин жок кылышты. Канча жылдан кийин атамдын кайда көмүлгөндүгүн билдик. Бул үчүн Бүбира эжеге дагы бир ирет таазим кылып, ыраазычылыгымды билдирем. Ошондон кийин чындыкты билдик. Аталарыбыздын жаткан жери жайлуу болсун", — дейт Лариса Баякеева. 

Эскерүүгө келгендердин бири Роза Айтматова, репрессиялангандардын бири, Төрөкул Айтматовдун кызы бул күнү ал жерде көмүлгөн 137 гана адамдын эмес, жалпы кырк миң адамдын элесин эскерүүгө келгенин айтты. 

"Бүгүн кайгылуу күндү эскерип жатабыз. Ушул жер чынында кыргыздар үчүн ыйык. Репрессия учурунда кырк миңден ашык адам өлгөн болсо, ошолордун кайсыл жерде көмүлгөнү белгисиз. Бир гана "Ата-Бейттеги" 137 адамдын көмүлгөн жери белгилүү болуп жатат. Ошол үчүн бүгүн биз өзүбүздүн аталарыбыз эле эмес, бүтүн 40 миң адамды эскерип, арбагына таазим кылып жатабыз ", — деди Айтматова.

Бул иш-чарада Роза Айтматова жазып, Кыргызстандагы "Диалог Евразия" коомдук фондусунун жардамы менен чыккан "Ата-Бейт" деп аталган китепче ал жерге келгендер үчүн маалымат алып, таанып-билүүсү үчүн тапшырылды.

Анда "Ата-Бейт" мемориалдык комплексинин тарыхы жазылып, сөөгү көмүлгөн адамдарды тизмеси, маалыматтар камтылган. 

"Бул жерде 137 киши жана 40 миңден ашуун аталарыбызды эч качан унутпашыбыз керек. Биз чет жерден конокторубузду алып келгенде, бул кыргыз жаштарын тарбиялай турган жай экендигин, мындай инсандардын өмүр жолун аларга өрнөк кылып баяндап беришибизди айтышты. Биз калган 40 миң адамды да тапканга аракет кылышыбыз керек"— деди аталган уюмдун президенти Улугбек Болушев.

Ал эми эскерүүгө келген өкмөттүн, ЖКнын, Бишкек шаардык кеңешин өкүлдөрү көзгө чалдыккан жок.  

Бир нече жылдардын бери Кыргызстанда 8-ноябрь саясий репрессия курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан репрессиялангандардын Бишкек шаарында жашаган балдарына жыл сайын берилүүчү акчалай материалдык жардам тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0