БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Тажикстан менен Бангладештин ортосундагы оюн 12-ноябрь күнү Душанбе шаарында өтө турганын Футбол федерациясы билдирди.
Бангладештин курама командасы ишемби күнү Душанбеге келди. Ошол эле күнү, 12-ноябрда кыргызстандык команданы австралиялык оюнчулар өз талаасында кабыл алат.
Бангладеш командасынын машыктыруучусу, италиялык адис Фабио Лопес Душанбеге 23 оюнчу менен келди. Футболчулардын басымдуу бөлүгү "Шейх Джамал Дханмонди" клубунда ойногондор.
Тажикстанга келген меймандар борбор калаанын беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырылды.