БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Австралияга жөнөп кеткенин Футбол федерациясы билдирди.
12-ноябрь күнү Канберрада 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Австралия командалары беттешет. Июнь айында өткөн биринчи оюн атаандаштын пайдасына 1:2 эсеби менен аяктаган.
Кыргызстандык команда бүгүн эртең менен Дубай аркылуу транзиттик каттам менен учуп кетти. Делегациянын курамында 22 адам бар — 13 футболчу жана машыктыруучу штабдын тогуз өкүлү.
Дагы алты футболчу командага Австралиядан кошулат.