БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Экономика министри Арзыбек Кожошев 45 жаштан жогорку эркектердин арасында 100 метрге суркоо боюнча биринчи орунду ээлегенин аталган министрлик билдирди.
Жыл сайын болуучу спартакиада Бишкектин спорт базаларында күндөрү өтүүдө. Бул жолкусу 4-9-ноябрь күндөрү өтүп жатат.
35 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында министрликтин статс-катчысы Айдай Курманова да күлүк экенин айгинеледи.
100, 200, 500 жана 1000 метрлик аралыкка чуркоодогу экинчи жана үчүнчү орундарды да аталган министрликтин кызматкерлери камсыздады.
Мелдеш кол күрөш, бильярд, волейбол, оордук көтөрүү, дартс, мини-футбол, жеңил атлетика, стол тенниси, атуу, тогуз коргоол, шахмат жана аркан тартмай боюнча өтүүдө. Мында күч структура жана укук коргоо органдары өзүнчө, ага кирбеген мамлекеттик орган кызматкерлери өзүнчө ат салышууда.