БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. FIFA рефериси Ким Сан Ву Австралия менен Кыргызстан командаларынын ортосундагы оюнду тескей турганын Футбол федерациясы билдирди.
2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттешүү 12-ноябрь күнү Канберра шаарында өтмөкчү.
Башкы арбитрге оюн учурунда Янг Бенг Иен менен Ким Юнга жардам беришет. Ал эми Ким Денг резервдик калыс болот.
Калыстарды малайзиялык Субраманиям Салеаражен текшерсе, беттештин комиссары болуп Гуамадан Бордалло Майкл Джон дайындалды.