БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Аксы районунда мыйзамсыз алтын казган компанияга карата кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана 2012-жылдан бери "Кара-Суу" алтын кениндеги "Кара-Тыт" тилкесинде ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Үч жылдан бери компания 18,73 килограмм алтын казып, бирок тийиштүү органдарга жалган отчетторду тапшырып турган.
Мындан улам мамлекетке 2 миллион 732,5 миң сом салык төлөнбөй калса, жерди бузгандыгы үчүн материалдык зыяндын көлөмү 233,8 миң сомго бааланган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен "Алдамчылык", "Мыйзамсыз ишмердүүлүк", "Салык төлөөдөн баш тартуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө улантылууда.