Премьер-министрликке — Сариев, төрагалыкка — Жээнбеков талапкер болууда

© пресс-служба ЖКПарламент төрагалыгына Асылбек Жээнбеков. Архив
Парламент төрагалыгына Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир Сариевди өкмөт башчылыгына ушул жылдын май айында өткөн чакырылыштын депутаттары шайлаган. Ал эми Асылбек Жээнбеков ошол чакырылыштын төрагасы болгон.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Премьер-министрликке жалгыз Темир Сариевдин, ал эми парламент төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Коалиция өкмөттүн жана ЖК курамын өзгөртөт, вице-премьердин баары алмашат
Анын айтымында, Сариев мамлекетти өнүктүрүүнүн туруктуу багытын сактап, улантып кетет. 

Дүйшөмбү күнү КСДП, "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары коалициялык макулдашууга кол койду. "Туруктуулук, Жогорку Кеңешке ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" деп аталган коалиция 80 депутаттан туруп, аны КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков жетектейт.

Учурда Сариев премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп келет, ал эми Асылбек Жээнбеков өткөн чакырылыштагы парламентке төрагалык кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0