00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
«Кыргызтелеком» улуттук телекоммуникация оператору статусуна ээ болду — эмне өзгөрөт?
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Каким должен быть учитель сегодня и готовы ли школы к новым детям?
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Уркуя Салиеванын өмүр жолу эмнеси менен тарыхта эсте калды?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө маданиятынын пайдубалы: Улуттук театр 100 жылдык мааракесин белгилейт
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Беш өрдөк: министр болгусу келген депутаттар, түрмөдөн качкандар

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Министрликтерди "айланчыктагандар" ким?

"Де-Факто" гезити 30-октябрда чыккан санында "Өнүгүү – Прогресс" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Исхак Масалиев "Каржы министрлигине көзүн кызартып жатыптыр" деп жазды.

6-чакырылышка депутат болуп келген Масалиев мындай маалыматты Sputnik агенттигине төгүндөдү.

"Эч кандай аракет кылган жокмун. Андай оюмда деле жок, кызмат тууралуу сунуш болгон эмес. Бул тууралуу азыр силерден угуп жатам", — деген пикирин билдирди.

Автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаа, жардамчы жана кол тийбестик. Депутаттар дагы эмнеден баш тартууда?
КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Жылдыз Мусабекова "мандат алган соң кайра учуп, өкмөттүн бир бутагына конгону турат. Анын жумуш аткаруу жөндөмүн эске алганда, Маданият министрлиги ылайыктуу экен бул айымга", — деп жазат "Жаңы Агым гезити" 30-октябрда чыккан санында.

Жаңы эле мандат алган Мусабекова бул маалыматты жокко чыгарып, Маданият министрлигин жетектөө оюнда жок экенин билдирди.

"Мен мындайды биринчи жолу угуп жатам. Андай сөз жок. Алар болжолдоп жазышса керек. Мен билгенден бул орунга башкалар жүгүрүп жүрөт окшойт", — деди ал.

Түрмөдөн качты деп…

Нарын облусундагы жабык типтеги түрмөдө камалгандар өткөн жумада качты деген маалымат тарап, ал той-топурларда, эки кишинин башы бириккен жерде катуу сөз болду. 

Бирок, бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы төгүнгө чыгарды.

"Нарындагы жабык түрмөдөн эч бир жаран качкан жок. Акыркы окуялардан улам абак жайлары тыкыр көзөмөлгө алынган", — деп аталган кызматтан билдиришти.

№50 түрмөдөн качып чыгып, Кыргызстанды түп көтөргөн кылмышкерлерден эл коркуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0