БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы мейманканалардын биринен аялды зордуктоого шектелип Канаданын жараны кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Санаят аттуу шаар тургунунан арыз түшкөн. Анда чет элдик жаран мейманканада аялдын бөлмөсүнө жашыруун кирип барып, зордуктоого аракет кылган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Биринчи май райондук ИИБ тарабынан Канада мамлекетинин 35 жаштагы жараны кармалды. Учурда ал тергөө бөлүмүндө суракка алынууда.