Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өкмөт башчылары менен болгон жолугушууга катышты.
"Дүйнөлүк каатчылыктан улам КМШ өлкөлөрү саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелерди биригип чечүүсү зарыл. Ишиңиздерге ийгилик каалайм", — деди өлкө башчы.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелер алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген чөйрөдө талкууланды.