Улуттук китепканада Алыкулдун музейи ачылды

© Фото / пресс-служба посольства КР в РФАлыкул Осмоновдун жыйнактары. Архив
Алыкул Осмоновдун жыйнактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Музейдин ачылышына катышкан вице-премьер болгону 35 жыл өмүр сүргөн акын артында өлбөс-өчпөс эмгек калтырып, анын саптары кайсы мезгил болбосун актуалдуулугун жоготпой келерин белгилеп өттү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Улуттук китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун музейи ачылганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сариев: Алыкул акындын жүз жылдыгын 29-октябрда салтанаттуу белгилейбиз
Алыкулдун 100 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чарада кыргыз жана орус тилдеринде "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" аттуу библиографиялык энциклопедиянын бет ачары өттү. 

Музейдин ачылышына катышкан вице-премьер Дамира Ниязалиева болгону 35 жыл өмүр сүргөн акын артында өлбөс-өчпөс эмгек калтырып, анын саптары кайсы мезгил болбосун актуалдуулугун жоготпой келерин белгилеп өттү.

Эртең, 29-октябрь күнү саат 14.00дө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда акындын 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу концерт өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0