БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Афганистанда болгон зилзаладан кыргызстандык жарандар жабыркаган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.
Кечээ, 26-октябрда Пакистан менен Афганистандын чектешкен аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.09да (Бишкек убактысы боюнча 15.09) күчү 7,5 магнитудага жеткен жердин силкинүүсү катталган. Андан эки өлкөдө каза болгондордун саны 400гө чукулдап, үч миңден көп жашоочу жаракат алган.
Элчилик Афганистанда жашаган кыргызстандыктар менен үзгүлтүксүз байланышта болорун белгилейт.