БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен Күзөт кызматы бириктирилип, посттук милиция түзүлө турганын премьер-министр Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, учурда Жол кайгуул кызматын реформалоо боюнча иш-чаралардын пакети иштелип чыкты.
"Боло турган өзгөрүүлөр жол коопсуздугун камсыздап, коррупциялык системага бөгөт коет. Мындан тышкары, ыкчам чараларды көрүүгө шарт түзөт", — деди өкмөт башчы.
Сариев жол кыймылына көз салган ар бир кызматкерге портативдүү видеокаттоочу жабдык берилерин кошумчалады. Бул өз кезегинде инспектордун иш-аракети борбордук система аркылуу көзөмөлгө алынмакчы.