БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Анталиянын Кемер өрөөнүндө ишемби күнү, 24-октябрда кичи автобус ала салып кетип, 12 киши жаракат алды. Алардын бешөө Кыргызстандын жараны экенин Түркиянын Haberler сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, кичи автобустун ичинде мейманкада иштегендер болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар Кемердин ооруканасына жеткирилди. Түрк басылмасвнын маалыматына караганда, жабыркаган кыргызстандыктар төмөнкүлөр:
Destan Bekdenof (Дастан Бектенов), Bekzat Dilek Dilektoğlu, (Тилек уулу Бекзат), Nirbekt Sunaaliyev (Нурбек Сүйүналиев), Arslan Kulov (Арслан Кулов) жана Bekbol Bakytbek Uulu (Бакытбек уулу Бекбол).
Учурда Арслан Кулов менен Бакытбек уулу Бекболдун абалы оор экени айтылууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги учурда кырсыктан жабыркагандар боюнча маалыматтарды тактап жатканын билдирди.