Күн сайын көчөдөгү аң-чөнөктөргө түшүп кетип жинденип, жарытылуу жылуулук бербеген ТЭЦти тоңдурду деп урушабыз. Театр, филармония, музейдин дубалдарындагы жазууларды, чийилген сүрөттөрдү көрүп кээде кейийбиз.
Бирок, дайыма эле ушундай көңүл иренжиткен учурлар болгон эмес. Sputnik агенттиги чогулткан архивдик сүрөттөрдөн көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан имараттар кантип салынганын көрө аласыз. Эркек-аялдар жолго асфальтты кантип төшөгөнү, көп кабаттуу үйлөрдүн кантип салынганы назарыңыздарда.

1/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
1934-жыл. Өкмөт үйүнүн имаратынын пайдубалын түптөө учуру

2/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
1930-1940-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер советинин имараты да курулуп баштаган

3/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Шаардын көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Иш 1950-жылы Совет көчөсүнөн (азыркы Байтик Баатыр) башталган

4/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Бишкектеги троллейбус системасы СССРде үчүнчү орунда турган. Алгачкы троллейбус 1951-жылы 13-январда линияга чыккан. 8,4 чакырымга созулган жолдо төрт троллейбус "Темир жол вокзалы — Свердлов көчөсү" (азыркы Үмөталиев) жана "Темир жол вокзалы — Ленин проспектиси" (азыркы Чүй проспект) аркылуу эки багыт боюнча каттаган

5/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Улуттук академиялык театрдын курулушу да 50-жылдары башталган. Иш ушунчалык татаал жана жоопкерчиликтүү болгондуктан, Проворовдун жетекчилиги алдында атайын курулуш участогу бөлүнгөн.

6/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Шаарда маданий имараттардан башка өнөр-жай курулуштары да салынган. Мисалы 1955-жылы Трикотаж фабрикасы курулган

7/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
1958-жыл. Кыз-келиндердин бригадасы "Физприбор" заводун курууда иштеп жатат

8/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Ушул эле жылы Гидромелиоративдик техникумдун имараты салынып бүткөн. (Азыркы Кыргызстандагы эл аралык университет)

9/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Шаарга жылуулук берген ТЭЦтин курулушу

10/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
ТЭЦти ишке берүүдө эң жоопкерчиликтүү учур генераторлорду ишке киргизүү болгон

11/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
1960-жылдары "Спартак" стадиону оңдолуп, жаңы спорттук комплекс салынган

12/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
1970-жылдардан кийин шаарда уникалдуу маданий имараттар курула баштаган. 1976-жылы Мамлекеттик цирктин манежинде "Молодая Киргизия" цирк тобу өнөрүн тартуулаган

13/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Кожомкул атындагы спорт сарайы. Фрунзе шаары, 1974-жыл

14/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Кыргызстандагы эң ири иш-чаралар Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониясында өтөт. Анын чоң залына 1108 киши батат. Курулушу 1977-жылы башталган

15/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Андан сырткары Бишкекте 10дон ашык музей курулган. Өлкө тарыхындагы эң маанилүү экспонаттар Мамлекеттик тарых музейинде сакталат. 8 миң чарчы метр жерге 90 миң экспонат коюлган

16/17
© предоставлено Центральным Госархивом КР
Шаарда алгачкы көп кабаттуу үйлөр салынып баштаган

17/17
© Фото / предоставлено Центральным Госархивом КР
Азыркы Кыргызтелеком турган имараттын мунарасы. Ал 1984-жылы курулган. Анын башындагы саат СССР элдеринин достугун айгинелейт.
