00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Унчукпай калба жана коркпо: жумушта жана коомдук транспортто харассментке кантип каршы туруу керек
17:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
18:11
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Стоп-кадр
КМШ, Балтика жана Грузия Бишкекте чогулуп, мыкты кыска метраждуу тасмаларды аныктады
19:09
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Личный интерес
Голос Кыргызстана в сердце Москвы: успех Эльнуры Муктарбек
20:10
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мектептердин жана бала бакчалардын директорлору эми кандай тандалат. Министрлер Кабинети жаңы тартипти бекитти
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эл аралык "Арт-Ордо" фестивалынын баш байгесин Казак театры алып кетти

Жазылуу
Беш күнгө созулган фестивалдын жабылуу аземи Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, анда кароо сынакка катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан келген жана жергиликтүү театр жамааттарына сыйлыктар тапшырылды.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан V Эл аралык "Арт-Ордо" театралдык фестивалдын баш байгесин Мухтар Ауэзов атындагы Казак мамлекеттик академиялык драма театры "Кас кагым" спектакли менен ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-октябрь күнү беш күнгө созулган фестивалдын жабылуу аземи Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Анда кароо сынакка катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан келген жана жергиликтүү театр жамааттарына сыйлыктар тапшырылды. 

Натыйжада, "Мыкты режиссура" номинациясында тажикстандык режиссер Нозим Меликов "Иштибох" спектали үчүн жеңүүчү аталды. 

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык "Арт-Ордо" театр фестивалы башталды
"Мыкты сценография" номинациясында байгеге Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театры койгон "Дураки" спектаклинин сценарийи үчүн Евгения Акс, Николай Жестовский, Алена Иргашевалар ээ болду. 

Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрынын актрисасы Света Абдыкадырова "Атпагыла, өлүкмүн" спектаклиндеги ролу үчүн "Мыкты аялдын ролу" номинациясы боюнча жеңүүчү аталды. 

"Мыкты эркектин ролу" байгесине Муканов атындагы Түндүк Казакстан музыкалык-драма театрынын актеру Батырбек Шамбетов "Ревизор" спектаклиндеги аткарган ролу үчүн татыды.

"Экинчи пландагы мыкты аялдын ролу" номинациясында Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын актрисасы Саадат Көгөева "Ботокөз" спектаклиндеги жараткан образы үчүн жеңиш ыйгарылды.

"Экинчи пландагы мыкты эркектин ролу" байгесине Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын актеру Бекзат Камчыбеков "Махабатым обонум" аттуу спектаклдеги образы менен ээ болду.

Кыргыз драма театрынын сезонунун ачылышына өкмөт башчы катышты
Сынчылардын сүймөнчүгүнө Муканов атындагы Түндүк Казакстан музыкалык-драма театрынын "Ревизор" спектакли татыса, калыстар тобунун атайын байгеси Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жамаатына "Дели бийи" спектакли үчүн ыйгарылды. 

Министрликтин атайын байгеси Татар театрына берилсе, Кыргызстандын театр ишмерлеринин тандоосуна Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын "Картаң айымдын келиши" спектакли ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0