ӨКМ Бишкек – Ош жолуна айдоочуларды чыкпай турууга чакырат

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел ашууларында катуу жааган кардан улам, жолдор тайгалак болот.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкек – Ош багыты боюнча жүрүүнү пландап жаткан айдоочуларды жолго чыкпай турууга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чакырат.

Автоунаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Төө-Ашуудагы автотыгын суюлду, бардык жолдор ачык
Аталган жол каттамындагы Төө-Ашуу, Өтмөк, Ала-Бел ашууларында катуу жааган кардан улам, жолдор тайгалак болот. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги андан сырткары автоунааларды кышка даярдап, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу керектигин эскертет.

Эртең 24-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарына кар жаайт. Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз туман түшөт. Ысык-Көл облустунда шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0