БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Өкмөт курман болгон Төлөбек Исмаиловдун үй-бүлөсүнө жаңы салынып жаткан үйдөн үч бөлмөлүү батир бере турганын премьер-министр Темир Сариев жоокер менен коштошуу зыйнатында билдирди.
Кечээ, 22-октбярь күнү түнкү саат 22.30да "Достук" кичирайонунда жашырынып жаткан Алтынбек Итибаев жок кылынган. Үч саатка созулган атайын операцияны ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев жетектеп, атышуу учурунда Исмаилов башына ок тийип каза болгон.
Буга чейин курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө президент бир миллион, ал эми өкмөт 50 миң сом бөлүп бергени маалымдалган.