Шайлоо өнөктүгүнөн казынага 5,8 млн. сом салык түшкөн

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участкасындагы операторлор. Архивное фото
Шайлоо участкасындагы операторлор. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыкты эң чоң көлөмдө КСДП, ал эми эң аз өлчөмдө "Аалам — партиясыздардын партиясы" төккөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына карата парламенттик шайлоого катышкан 14 саясий партия бюджетке жалпы жонунан 5 миллион 850,9 миң сом салык төлөгөнүн Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеште депутаттын орун жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ушул аптада өз ишин башташы мүмкүн
Маалыматка ылайык, аталган сумманын 4 миллион 792,9 миң сому киреше салыгын түзөт. ал эми 1 миллион 792,9 миң сомго патент берилген. 

Шайлоодо ат салышкан саясий партиялардын ичинен 1 миллион 334,5 миң сом салык төлөп КСДП партиясы алдыда турат. Ал эми эң аз салык төлөмүн 10, 4 миң сом өлчөмүндө "Аалам — партиясыздардын партиясы" төккөн.

Мамлекеттик салык кызматы шайлоо өнөктүгүнө катышкан партия, компанияларды жана башка уюмдарды текшере турганын эскертет. Салык төлөөдөн баш тарткан жактарга мыйзам чегиндеги административдик чаралар көрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0