"Сырттан" келгендердин жоктугу жердин башка планеталардан мурда жаралышы менен түшүндүрүлөт

© NASAЖер планетасы. Архив
Жер планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Планетологдор учурдагы жана болочок Ааламда Жер шарынын бардык мүмкүн болуучу түгөйлөрүн эсептеп чыгып, эмне үчүн биз азыркыга чейин башка планеталардын жашоочуларын кезиктирбегенибиздин себебин табышты. Көрсө, биздин планета өзүнө окшогондордун баарынан мурун жаралган экен.

БИШКЕК, 21-окт. – Sputnik. Ааламдын көз жетер чегинде жашоонун жоктугун Жер шарына окшогон планеталардын 92 пайызга жакыны толук калыптанып бүтө электиги менен түшүндүрүүгө болорун окумуштуулар Monthly Notices of the Royal Astronomical Society басылмасына чыккан макалада жазышкан.

"Биздин изилдөөнүн максаты Жер шарынын Ааламдагы чыныгы ээлеген ордун табуу болчу. Бардык жаралган жана келечекте жарала турган цивилизациялуу планеталардын ичинен Жер эң улуу экендигин аныктадык", — дейт Питер Бехрузи (Peter Behroozi) Космос телескобу институтунан (АКШ).

Бехрузи жана анын кесиптештери Жер шары Ааламдын өзүнчө бир туну экендигин, анда Жер шары баарынан мурда пайда болгонун "Хаббл" телескобунун жардамы менен галактикалардын тарыхын жана экзопланеталардын катнаштарын талдоо аркылуу аныктап чыгышкан. Изилдөөлөр "Кеплер" обсерваториясында жүргөн.

НАСАнын окумуштуусу Марста суу бар деп билдирди
Планетологдор түшүндүргөндөй, алар Жер шарынын түгөйү жаралышы үчүн жарактуу космостук "курулуш" материалдарынын Ааламдын ар кайсы жашоо мезгилиндеги – өткөндөгү, азыркы учурдагы жана келечектеги санын эсептеп чыгышкан. 

Мындай материалдардын канча экенин окумуштулар оңой эле аныкташкан – бизден алыс галактикаларда Ааламдын ар кандай доорунда гелий менен суутектен салмактуу элементтер канчалык көп камтылганын эсептеп чыгып, аны келечекти божомолдоого пайдаланышкан. 

Ошол эле салмактуу элементтерди галактикада Kepler-452b сыяктуу кайсы бир жагынан Жерге окшош келген же анын толук түгөй боло ала турган планеталарды аныктоо үчүн пайдаланышкан. 

Бехрузи менен анын кесиптештеринин эсептери укмуштуудай нерсени ачты – көрсө, Жер өзүнө окшогон планеталардан бир топ эрте жаралыптыр. Ал эми андай планеталардын 92 пайызы азыркы галактикада "курулуш материалдары" жетишсиздигинен толук калыптанып бүтө элек экен. 

Окумуштуулардын эсебине ылайык, жалгыз биздин галактикада миллиардга жакын Жерге окшош планета пайда болушу керек эле, ал эми бүтүндөй Аалам боюнча алардын саны 100 миллиард эсе көп.

Күндүн катуу бүрккөн отунан пайда болчу магниттик бороон өтө кооптуу келет
Жердин түгөйлөрүнүн мынча көп болушу, илимпоздордун пикиринде, Саманчынын жолунда же анын сыртында жок дегенде дагы бир цивилизация бар же жакынкы арада пайда болот деген божомолду жаратат. Мындай мүмкүнчүлүк Дрейктин атактуу формуласына ылайык, 90 пайыздан жогору.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, "акылы жагынан бизге боордоштордун" жоктугу боюнча Жерде жашагандар өтө жолдуу экенин далилдейт. Себеби биз Катуу жарылуу учурунда Аалам кантип пайда болгонун, алгачкы галактикалар кандайча жаралганын башка планеталардын калыптанышына байкоо жүргүзүү аркылуу көрө алабыз. Миллиард жылдан кийин мындай мүмкүнчүлүк жок болуп, эң өнүккөн цивилизациялар да Ааламдын келип чыккан тамырын таба албайт деген тыянак чыгарышкан макаланын авторлору.

Жаңылыктар түрмөгү
0