00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ата-эне: олимпиадалык резервдер окуу жайын жаап салыш керек

38-мектептеги окуучулардын ата-энелери.
38-мектептеги окуучулардын ата-энелери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назима Текенова №38 мектепке олимпиадалык резервдер окуу жайынын тарбиялануучулары улам кол сала бергендиктен, балдарын башка мектепке которууну ойлоп жатканын айтты.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Тынч заманда мектептерде мушташ болгону туура эмес жана, агрессиялык аракеттер улана берсе, олимпиадалык резервдик окуу жайын жаап салуу керек. Мындай пикирин №38 орто мектептин окуучусунун апасы Назима Текенова Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Бүгүн эртең менен Бишкек шаарындагы №38 орто мектепке ошол райондо жайгашкан Бишкек шаарынын Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынын окуучулары кирип барып, айнектерин талкалаган.

"Спорт окуу жайынын жетекчиси мындай иштерге чара колдонбойбу. Булар балдардын жүрөгүнүн үшүн алганы аз келгенсип, окуу процессине да терс таасирин тийгизип жатат. Эгерде жетекчилери окуучуларын көзөмөлдөй албаса, анда бул окуу жайды таптакыр эле жаап ташташ керек го. Балдар ата-энелерди, мугалимдерин укпаса, коомду сыйлабаса, коопсуздук жараткан мектептин эмне кереги бар", — деди Текенова.

Ал бүгүнкү окуядан кийин №38 орто мектепке окуган эки баласын башка мектепке которууну ойлоп жатканын айтты.

"Негизи, №38 мектеп жакшы билим берет, бизге жагат, башка райондо жашасак да, балдарым бул жактан окуйт. Бүгүнкү окуядан кийин аларды башка мектепке которсомбу деп ойлоп жатам. Агрессиялык аракеттер муну менен токтойбу, токтобойбу белгисиз да. Мен билгенден эле 3-4-жолу болду", — деди ал. 

Бүгүн эртең менен №38 мектептин директорунун орун басары Маливакан Наматова колуна союл көтөргөн жүзгө чукул спорт кийимчен балдар мектепке чейин кирип келип, окуучуларды канжалатып сабап кеткенин билдирген. Анын айтымында, беш окуучунун көзү-башы жарылып жаракат алышкан. 

38-мектептеги милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
№38 мектепке кол салган деп шектелип спорт мектебинин 47 окуучусу кармалды
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы спорт мектептин тарбиялануучулары окуучуларды сабаган фактыны тастыкташкан.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова билдиргендей, жабыркаган беш окуучуну текшерүүгө алып кетишти. Милиция видео көзөмөлдүн жазууларын карап жатат. Анын айтымында, жаалданып кирген балдарды мугалимдер тосуп, токтотууга аракет кылган.

Кармалгандар азыр жасагандарын мойнуна албай жатканын ШИИБдин жетекчисинин орун басары билдирди.

Эки мектептин окуучулары буга чейин да мушташып, бычакташа кетишкен. Анын кесепетинен олимпиадалык резервдер окуу жайынын алты окуучусу жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0