БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Мэрдин катышуусунда Бишкек шаарында веложүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ишемби күнү болгон веложүрүшкө сергек жашоо мүнөзүн жакшы көргөн 300дөй каалоочулар катышты. Алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Бишкек шаардык жол кайгуул кызматы коштоп жүрдү.
Жаанга карабай бардык катышуучулар марага келишти.