БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош шаарында жайгашкан Башкы Штабдын Түштүк-Батыш аймактык командачылыгынын кызматкерлери үчүн балдар аянтчасы ачылды. Бул туурасында Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев аскер кызматкерлерине үйдүн ачкычтарын тапшырып жаткан учурда, балдарга да аянтча курууга сертификат берген.
"Буга чейин президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда 80 батирлүү үй пайдаланууга берилип жатканда, ал дагы 500 миң сомдук сертификат берип, каражатка балдар аянтчасы куруларын айткан. Мамлекет башчысы ошондо берген каражатка аянтчаны куруп бүттүк", — деди Тердикбаев.
Курулган жайдан жалпы аянты 500 чарчы метрди ээлейт. Анын урматына бөбөктөргө таттуулар таратылып, чакан майрам уюштурулду.