"Чоро" тобу: учурда бизге атаандаш болчулар деле жок

© фото предоставлено группой "Чоро""Чоро" тобу. Архив
Чоро тобу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда фонограмманы четке кагып, жандуу музыканын коштоосунда ырдагандар cаналуу эле. Алардын бири элге жандуу үн менен музыкалык аспаптын коштоосунда ырдап, чыгармачыл чөйрөдө ретро ырларды мыкты аткарган "Чоро" тобу.

Бул топ "Turkvizyon-2013" сынагында Кыргызстандын намысын коргоп, алдыңкы орундарды алып келишкен. Топтун учурдагы курамы, алар эмне менен алек? Бул өндүү суроолорубузга жооп алуу ниетинде топтун көркөм жетекчиси Марат Абыловду кепке тарттык.

© фото предоставлено группой "Чоро"Бул топ "Turkvizyon-2013" сынагында Кыргызстандын намысын коргоп, алдыңкы орундарды алып келишкен
1/2
Бул топ "Turkvizyon-2013" сынагында Кыргызстандын намысын коргоп, алдыңкы орундарды алып келишкен
© фото предоставлено группой "Чоро"Жандуу үн менен музыкалык аспаптын коштоосунда ырдап, чыгармачыл чөйрөдө ретро ырларды мыкты аткарган "Чоро" тобу.
2/2
Жандуу үн менен музыкалык аспаптын коштоосунда ырдап, чыгармачыл чөйрөдө ретро ырларды мыкты аткарган "Чоро" тобу.
1/2
Бул топ "Turkvizyon-2013" сынагында Кыргызстандын намысын коргоп, алдыңкы орундарды алып келишкен
2/2
Жандуу үн менен музыкалык аспаптын коштоосунда ырдап, чыгармачыл чөйрөдө ретро ырларды мыкты аткарган "Чоро" тобу.

— Марат мырза айтсаңыз, бул топ кантип жаралып калды? Деги эле сиздерди эмне бириктирди?

— Башынан айтсам, биз 2012-жылы түзүлгөнбүз. Андан мурун эле топ түзөлү деген оюбуз бар болчу. Ошол учурда Ретро фестиваль өтүп калды, анын шарты эски ырларды аткарып чыгыш керек эле. Биз кеңешип Чоро Кожомжаровдун репертуарындагы ырларын жандуу музыканын коштоосунда ырдап, башкы орунду утуп алганбыз. Ырдаганыныбыз элдерге да жакты. Ал жеңиш да ошол кезде чыгармачыл дем берип, алдыга кадам таштоого жол ачты.

— А сиздердин топко "Чоро" деген ысымды ким сунуштады?

— Биз ойногон ырларыбыздын көбүн өз убагында Чоро Кожомжаров ырдачу. "Чоро" деп аркы беркини ойлоп журдук, анан байкелерибиз да бул ысымды жактырды. Экинчиден топто бут баарыбыз эркек бала болуп жатандан кийин 40 чоро деген маанини берет экен, анан ошентип "Чоро" болуп калдык. 

— Учурда топто канча адам эмгектенет?

— Группада азыр беш киши. Сахнага дайым толук курамда чыга беришпейт. Аранжировкасына жараша чечилет. Комузчу же гитарист аранжировкада жок болсо чыкпайт. Жакында эле эки балабыз алмашты.

— Бардык эле учурда жандуу ырдаш оңойго турбаса керек?

— Жандуу ырдаш өтө кыйын, дайыма даярдыкты талап кылат. Ошол себептен биздин ырчылар жандуу ырдагандан качып, фонограмманы эп көрүшөт. Мисалы жандуу ырдаш үчүн кечелерде, той-топурларда аппаратураны ары-бери ташып, орнотуу деле бир топ убакытты алып коет.

— Демек сиздерде шайлоонун шарапаты менен башка ырчылардай үгүт иштерине катышуу мүмкүнчүлүгү болгон жокпу?

— Ооба, быйыл бир дагы партияга иштеген жокпуз. Себеби биз ал жака ылайык келбейт экенбиз. Бир жагынан саныбыз көп болсо, экинчиден аппаратураны ташып, аларды орнотуу убакытты, убарачылыкты да талап кылат, кыйналып калчудайбыз. 

— Алдыда дагы кандай пландар бар? Жеке концерт качан болот?

— Жеке концертти берели деп жүрөбүз. Негизи бергенге жараша аябай бийик деңгээлде бериш керек. Азыр анча-мынча жетишпеген жактарыбыз бар. Буюрса репертуарыбызды тактап, толуктап туруп анан беребиз. Качан экени белгисиз, бирок беребиз. 

— Учурда чыгармачыл чөйрөдө атаандаштык күчтүү. Бул жаатта алдыга суурулуп чыгуу үчүн кандай ыкмаларды кодоносуздар?

— Негизи бизде көбүнчө элге таанымал, чыгармачыл адамдар жандуу музыканы колдонушат. Бирок, кээ бир ырчылар жандуу музыканын коштоосунда эмес минусовка, фонограммманын жардамы менен ырдашат. А биздин айырмабыз жандуу үн, жандуу музыка менен ар бир чыгарманы аткарабыз. Бул биздин өзгөчөлүк. Бирок чынын айтсам бизде азыр конкуренция деле жок. Бизге окшоп жандуу ырдагандар деле бар, алар көбүнчө кафе, ресторандарда чет элдик ырларды жандуу аткарышат. 

— Сиздерге чыгармачыл ийгилик. Маегиңизге рахмат.

Жаңылыктар түрмөгү
0