БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. №50 түрмөдөн качып кеткен кылмышкерлердин жашынган жерин айткан жарандарга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 300 миң сом акчалай сыйлык бере турганын билдирди.
11-октябрдын түнүндө №50 түрмөдө отурган тогуз адам качып кеткен. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын кызматкерлеринин үчөө өлүп, бирөө оор жарадар болгон. Атайын операция учурунда алардын бешөө кармалып, төртөө из жашырып кеткенге үлгүргөн. Учурда алар Чүй облусу, Бишкек шаары жана Казакстандын Жамбыл облусунда изделип жатат.
Учурда аларды кармоо боюнча өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, кылмышкерлерди издеп жатышат.
УКМКнын маалымат кызматы эгер кимде-ким кылмышкерлердин жашынган жерин билсе, (0312) 62-65-04, (0312) 66-04-75 телефондоруна чалууну суранат.
Жашырындуулук сакталат.
№50 тергөө абагынан камактагылардын качышы
№50 тергөө абагынан камактагылардын качышы