БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. №50 колониядан качкан тогуз киши аталган мекеменин үч кызматкерин өлтүргөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматанын билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, качкан тогуз кишинин бешөө кармалып, төртөө из жашырып кеткенге үлгүргөн. Окуя түнкү саат 12.00дөр чамасында болгон.
Түндө милициянын жеке курамы көтөрүлүп,"Перехват" планы жарыяланды.
Учурда качып кеткендерди кармоо аракеттери көрүлүүдө.