Тогуз кылмышкер качып кеткен №50 түрмө мындан үч жыл мурда оор кылмыш жасагандар үчүн атайы салынганын ЖАМКтын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.
Аталган түрмө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Нижный Нооруз (мурдагы Алга) айылында жайгашкан.
Өтө оор кылмыш жасагандар жана өмүрүнүн акырына чейин кесилгендер үчүн атайын жайдын жоктугуна бийлик 2008-жылдан тарта көңүл бура баштаган.