Ташкенттин консерваланган палоосу Россияда сатылат

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүПалоо. Архив
Палоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компания палоону Казакстанга экспорттоодо, ал эми россиялык өнөктөштөр менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ага кызыккандар – эң биринчи кезекте Ыраакы Чыгыш менен Сибирь аймактары, Владивосток жана Москва.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Ташкенттин атактуу консерваланган палоосун жакында россиялыктар татып көрөт деп билдирди Sputnik Өзбекстан. 

Өзбекстанда, аз гана убакыттан бери чыгарылып жатканына карабай, бул палоо көп чуу чыгарды. Өзбекстандын символдорунун бири болгон бул тамакты консерваланган түрдө 2015-жылдын январынан бери чыгара башташкан.

"Заводду ачарда, албетте, ар кандай күмөн саноолор болду. Консерваланган палоо биздин өлкө үчүн акылга сыйбаган көрүнүш, себеби аны ар бир бурчта бышырып жаткан жерден ысуулай сатып алсаң болот. Ошон үчүн муну эл кандай кабыл аларын алдын ала билүү кыйын эле", — дейт заводдун өкүлү. 

Ашпозчу тамакты идишке салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ашпозчу, чач тарач, жыгач уста, слесарь адистигине талап жогору
Консерваланган палоону чыгаруучу өндүрүш биринчи жолу өлкөдө Ташкенттин Сергель районунда ачылган. Бүгүнкү күндө анын кубаттуулугу айына миллионго жакын банка чыгарганга жетет.

Маектештин айтымында, дагы бир бөтөнчөлүгү палоону жасоо ыкмасы болду. Өлкөдө бул тамактын жүздөгөн түрү даярдалат, бирок эң даамдуулардын бири болуп Ташкенттин үйлөнүү тойго жасалчу палоосу эсептелет. 

"Албетте, биз болгон технологиябыздын баарын айтып бере албайбыз. Бирок жалпысынан алганда, ашпозчуларыбыз 120 килограммдык казандарда эртең менен палоону өз ыкмасы менен эң мыкты азыктардан басышат", – дейт ал.

Анан аш атайын технологиялык каражаттардын жардамы менен 335 жана 670 граммдык банкаларга салынат, сактоо мөөнөтү эки жыл. Бул азыкты колдонуучулар негизинен чет элдиктер, туристтер жана чет өлкө рыноктору.

"Компания, биринчи кезекте, экспортко багытталган. Биз Казакстанга сынак иретинде эки жолу 60 миңдей банка жеткирдик. Азыр Россия менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз", — деп айтып берди ал.

Компания жакында Москвадагы азык-түлүк көргөзмөсүнө катышып, өз өндүрүмү менен тааныштырды. Заводдун өкүлүнүн айтымында, кызыгуу жогору болуп, айрыкча Ыраакы Чыгыш менен Сибирь аймактарынан көп сурашкан. 

Тарелкага салынган тамак аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малайзиялыктар кыргыз тамак-ашы тууралуу тасма тартат
Азыркы күндө товарды Москвага жана Владивостокко сатуу жөнүндө келишим кызуу талкууланып, ага Кытай менен Ирандан кардарлар кызыгууда. 

Компания өзбек улутунун башка тамактарынан ассортиментти көбөйтүүнү пландап жатат. Бирок азырынча заводдун өкүлдөрү кайсы тамактын түрлөрү жөнүндө кеп болуп жатканын атаандаштардан коркуп айтышкан жок. Анык белгилүүсү, саамалыктар келерки жылдын башында пайда болот, ал эми азыр рецепттерди түзүп, документтерди даярдоо процесси жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0