БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол курулушу үчүн бактар кыйылып жатканын шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, "Зеленстрой" ишканасы Орозбеков көчөсүнүнү Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө бактарды кыйып жатат.
Аталган тилкеде жол оңдолуп, анын алкагында ирригациялык система жаңыртылат. Мындан тышкары, жаңы тротуарлардын курулушу каралан.
"Жакын арада Орозбеков көчөсүнүн Москва жана Токтогул көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жабылып, ал жерде өскөн бактар да кыйылат", — деп айтылат билдирүүдө.
"Зеленстрой" муниципалдык ишканасы учурда клендун жаңы көчөттөрүн отургузуу боюнча план иштеп чыгууда.