БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Баткен облусунан ажылык милдетин аткаруу үчүн кетишкен зыяратчылардын экинчи тобу түндө Ош эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.
Баткен облустук мусулмандар казыятынын фатва бөлүм башчысы Абибилла Кадырбердиевдин айтымында, зыяратчылардын маанайы, абалы жакшы, аларды жакын бир туугандары тосуп алышты.
Баткенден быйылкы ажылык сапарга кеткен 381 зыяратчы бүгүнкү күндө өз мекенине кайтып келишти. Ал эми учурда Мекке шаарында аталган аймактан кошумча квотанын негизинде кеткен 51 зыяратчы бар.