БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Октябрдын он бешинде Баткен шаарында "Баткен — достук калаасы" деп аталган фестиваль өтүп, ага Тажикстан менен чектешкен аймактарда жашаган балдар чакырылат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы кабарлады.
"Баткен — достук калаасы" иш-чарасында фонддун буга чейинки ар улуттардын музыкаларын таанытуу долбоорунун алкагында өткөн концерттик мыкты номерлери аткарылат. Андан сырткары, балдар үчүн мастер-класстар өтүп, мультфильмдер көрсөтүлөт.
Фестивалдын максаты — Баткен облусундагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана кийинки муундарга достук-ырашкерликте жашоого багыт берүү.