БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн, 6-октябрда саат 9.50дө Бишкекте "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ишканасынын жабдуусу авариялык өчүрүүгө туш болгонун "Түндүкэлектро" билдирди.
Маалыматка ылайык, авария "Промышленная" жогорку вольттуу подстанцияда болгон.
Кырсык кесепеттерин жоюу маалында шаардын Чолпон-Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жана Горькийден Лев Толстойго чейинки көчөлөрдүн бөлүгү жарыксыз калууда.