БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Конституциялык палата Баш мыйзамдагы кен пайдаланууга укук берүүчү лицензияны иштетпей кармап турганы үчүн төлөм талап кылуу мыйзамга туура келерин билдирди. Бул жөнүндө аталган мекеме тараткан маалыматта белгилүү болду.
Палатанын түшүндүрмөсү боюнча, кен пайдалануудагы лицензиялык система аркылуу мамлекет айлана-чөйрөнү коргоо жана пайдалануу жаатында көзөмөл жүргүзүп турат. Аталган лицензия салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түрүн аныктоодо негизги документ болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, салык иретинде төлөнгөн акча кен жайгашкан аймактын бюджетине түшүп, анын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Мындан улам, Конституциялык палата Баш мыйзамдагы кен пайдаланууга укук берүүчү лицензияны иштетпей кармап турганы үчүн төлөм талап кылуу мыйзамга туура келет деген чечим кабыл алган.