БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында күн 22 градустан 24 градуска чейин ысый турганын Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.Түнкүсүн аба ырайы +8 градус болот.
Ал эми Ош шаарында күн +27 градуска чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына Ысык-Көл акваториясында секундуна 15-20 метрге чейин жетет.