Кыргызстанда шайлоо учурунда биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 761 миң 297 адам добуш берет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 374 шайлоо участогу ачылган.
Бийликтин айтымында, бардык шайлоо участоктору биометрикалык маалыматтарды текшерүүчү үчүн зарыл жабдуулар жана компьютердик техникалар менен камсыздалган. Буга кошумча чет мамлекеттерди жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар үчүн 36 шайлоо участогу ачылган.
Кыргызстандын жарандары ID-карта, жалпы жарандык жана ПИН-код чапталган 1994-жылкы паспорт менен шайлоого укуктуу. Башка документтер менен добуш берүүгө болбойт.
Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына дайындалган. Бүгүн добуш берүү жараяны жүрүп жатат

Кыргызстанда 2 374 шайлоо участогу ачылган

Шайлоо участоктору эртең мененки сегизден тарта кечки саат 20.00гө чейин иштейт

Өлкө боюнча 10 миң 471 оператор биометрикалык маалыматтын жардамы менен добуш берүүчүлөрдү идентификациялайт

Шайлоо учурунда биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 761 миң 297 адам добуш берүүдө

Идентификация процедурасы өтө жөнөкөй болгону менен, киши буга чейин добуш бердиби же жокпу так аныктап бере алат

"Эл жүрөгү менен тандап добуш бериши керек. Бүгүн ошондой болуп жаткандыгын көрүп жатам", — деди президент Алмазбек Атамбаев

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы №1209 шайлоо участогунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоосу үчүн добуш берди

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандардын аты-жөнү БШКнын шайлоочуларды каттаган тизмесинен чыкпайт

" Ммм.. эмне экен? Кезек жокпу? "

КМШнын байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоого активдүү катышып, жакшы уюшкандыкты көрсөтүп жаткандыгын белгилешти

Тандоо иши кыйын... кимди шайласам? Добушка ким татыктуу болду экен...

Баары ушул мотурайган бөбөктөрдүн келечеги үчүн

Бизде буюрса, баары жакшы болот

Кыргызстандыктар өлкөнүн, элдин келечеги үчүн добуш берди.
