Жекшембиде Кыргызстанда парламенттик шайлоо жүрүп жатат. Депутаттык мандаттар үчүн 14 партия ат салышууда.
Өлкөдө 2 374 шайлоо участогу иштеп, дагы 36сы чет мамлекеттерде ачылган.
Добуш берүүгө биометрикалык маалыматтарын тапшырган эки миллион 761 миң 269 шайлоочу катыша алат.
КРдин жарандары ID-карта, жалпы жарандык паспорт жана 1994-жылкы үлгүдөгү, ПИН-коду бар паспорт менен добуш берсе болот. Жарандар башка документтер менен шайлоого катыша алышпайт.
Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>