Мамлекеттин тарыхында биринчи жолу шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өтөт.
Шайлоочулардын тизмеси 2 миллион 670 миң 480 жарандын жеке маалыматынын негизинде түзүлдү.
Республика боюнча 2374 шайлоо участкасы жана чет өлкөдө 36 добуш берүү жайлары иштеп, саат 8.00дөн 20.00гө чейин ачык болот.
Sputnik агенттигинин кабарчысы Бишкектин №70 мектебинде болуп, аталган окуу жайда жайгашкан шайлоо участкасынын даярдыгын көрүп кайтты.

Шайлоо келе жаткан жекшемби күнү өтөт. Участканы тазалоо — даярдыктын ажырагыс бөлүгү

Шайлоо участкасына бюллетендерди санай турган электрондук үкөктөр орнотулду

Бардык шайлоо участкаларында добуш берүүнүн тартиби тууралуу маалыматтык стденддер илинген.

Мамлекеттик туу — шайлоонун башкы атрибуту

Шайлоочулардын маанайын имарат ичинен жаңырган музыка көтөрүп турат

Техниканын абалы текшерилүүдө

Шайлоо участкалары 8.00дөн 20.00гө чейин иш алып барат

Комиссиянын мүчөлөрү ушул жерге отурушат

Мамлекеттин тарыхында биринчи жолу шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде өтөт.

Кабиналар бюллетенди сүрөткө же видеого тартууга жол бербей тургандай кылып орнотулган

Жетекчилик акыркы тапшырмаларды берүүдө

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн участкаларда маалымат борборлору жана добуш берүү тартибин түшүндүрүүчү каражаттар түзүлгөн

Ар арада шаарда үгүтчүлөр саясий партиялар тууралуу баракчаларды таратышууда