БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкекте Түштүк магистралында жол кырсыгынан 19 жаштагы шаардын тургуну каза болгонун шаардык "Тез жардам" кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бетон түркүктү сүзгөн. Кырсыктан айдоочу мүрт кеткен. "Тез жардам" кызматынын билдирүүсү боюнча каза болгон жарандын баш сөөгү талкаланып, омурткалары сынып кеткен.
Кырсыкка күбө болгондор "Тез жардам" кызматын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларын чакырышкан.