БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош шаарынын аэропортунан Россиянын Новосибирск шаарына бөлөк бирөөнүн паспорту менен жол алган кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү "Ош — Новосибирск" каттамы боюнча ара жаткан жүргүнчүлөрдү текшерүү маалында 23 жаштагы жаран башка адамга тиешелүү паспортту көрсөткөн.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин, кармалуучу УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлдү.