БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин пландык-финансылык башкармалыгынын жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып, мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2008-жылдан тарта аталган окуу жайдын №7-жатаканасындагы бөлмө ижаралык колдонууда болгон. Текшерүү учурунда ЖОЖдун кызматкерлери ижара акынын өлчөмү төмөнкү коэффициенттеги эсеп-кысап менен эсептелгени аныкталган.
Мындан улам келтирилген зыяндын жалпы суммасы 2 миллион 660 миң сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.