Өкмөттүн көчмө жыйыны Ош шаарында өтүүдө

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүГаз түтүгү. Архив
Газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу, Кыргызстандагы өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик программанын иш чараларынын аткарылышы боюнча маселелер талкууланууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Өкмөтүнүн жыйыны Ош шаарында өтүп жатат. Анда 2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилинде калктын жана экономика тармактарынын даярдыгы талкууланып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эртең премьер Сариев Сулайман тоосунда жыйын өткөрөт
Ошондой эле, Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана "Чоң-Алай – Кытай" газ өткөргүч түтүктөрдү курууга жер бөлүү, Кыргызстандагы өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын иш чараларынын аткарылышы боюнча маселелер талкууланууда.

Көчмө жыйындын алкагында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин абалы жана анын ишин жакшыртуу боюнча жыйын өтөт.

Андан сырткары, Темир Сариев Ош шаарындагы инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0