БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт деп Кыргызгидрометтен билдиришти.
Бишкек шаарында бүгүн күн 20 градуска чейин ысып, түнкүсүн аба ырайы 9 градус болотур Кыргызгидромет кабарлайт.
Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, күндүз аба 26 градуска чейин ысып, түнкүсүн 12 градус болот.