Майрамдык айт намазга бир катар атка минерлер – мэриянын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү катышып, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков келгендерге бекем ден соолук, албан-албан ийгиликтерди каалады.
Быйыл Курман айт 24-сентябрга туура келди. Бул күн расмий түрдө дем алыш деп жарыяланган.

Майрамдык айт намаз эртең мененки саат сегизде башталды. Бирок, кишилер күн чыккандан баштап эле чогулушту

Айт намазга чоңдорду ээрчип балакайларда келишти

Айт намаз окулганга чейин муфтий Максат ажы Токтомушев баян айтты

Эски аянтта миңдеген мусулмандар чогулду

Майрамдык айт намазга бардык мусулмандар катышат

Айт намазга муфтияттын өкүлдөрү да даярдык көрүшкөн

Майрамдык айт намазга туруу

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге отуруп намаз окууга уруксат берилет

Айт намазга кутман куракка келип калган аксакалдар да келишти

Бул күнү жаратканга багышталып, курмандыктар чалынат

Бул күнү элдин, жердин тынчтыгы үчүн дуба кылынды

Коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлери да намазга жыгылышты

Курман айтта муктаж болгондорго жардам берилет. Аянтка садага кутулары коюлду