Кыргызстанда 24-сентябрь эс алуу күнү деп жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт намаздын катышуучусу. Архив
Айт намаздын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдыдагы бейшемби Курман айт майрамына туш келгендиктен, эс алуу күнү деп жарыяланды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстанда 24-сентябрь эс алуу күнү деп жарыяланганын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдирди.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы Курман айт майрамы 24-сентябрда өтөрүн маалымдаган

Министрлик Курман айттын эртеси, 25-сентябрь жумуш күнү экенин эскертет. 

Мүмкүнчүлүгү барлар Курман айт күнү бир жандыкты курмандыкка чалса сооп болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0