БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Курман айтта премьер-министр Темир Сариев кыргыз мамлекетин куруучулардын бири Юсуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманованын үйүнө барып, кабар алды. Бул тууралуу премьердин маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирет.
Жолугушууда Ленина Абдрахманова атасы тууралуу айтып берип, анын жазган күндөлүгүн көрсөттү. Жана бул күндөлүк кыргыз тилинде басылып чыкса жакшы болот эле деген пикирин айтты.
Премьер-министрдин маалымат катчысы Асанов өкмөт башчысы күндөлүктү кыргыз тилине котортуу боюнча иштерге көмөктөшөрүн билдиргенин кабарлайт.
Юсуп Абдрахмановдун күндөлүгү буга чейин орус тилинде басылып чыккан болчу.