БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундга чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күндүз +18…+20 градус болсо, түнкүсүн +7 градус болот.
Ош шаарында күндүз күн 20 градуска чейин ысып, түнкүсүн 9 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл акваториясында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал күтүлүүдө.