БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Экономика министри Олег Панкратов үстүбүздөгү жылдын 24-26-сентябрь күндөрү Кытайда өтө турган ШКУ форумуна катышып, уюмга мүчө мамлекеттердин товарларынын көргөзмөсүнө барарын аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кытайдын Шэнси провинциясындагы Сиань шаарында өтөт.
Форумда ШКУ аймагында уюмга мүчө мамлекеттердин экономикалык мамилелерин тереңдетүүнүн жолдору талкууланып, көргөзмөгө атаандаштыкка жөндөмдүү товар, обүект, соода, инвестиция, энергетика, транспорт, өнөр жай, айыл чарба, илим жана техника, маданият жаатындагы программалар каралат.
Бүгүнкү күндө ШКУ мамлекеттеринин ортосунда соода, инвестиция масштабдары кеңейип, экономикалык байланыштардын чыңдалышы байкалууда. Акыркы маалымат боюнчаб ШКУ өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында 1 миллиард 625 миллион сомду түзгөн.